Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Чек араны тактоо — өкмөттүн артыкчылыктуу багыты

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 186 | 0

Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик мүмкүнчүлүгү саналат. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен шаарында өткөн көчмө жыйында билдирди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө аймакты мындан ары өнүктүрүү, инфраструктураны, жолдорду жакшыртуу, чектеш аймактардагы тургундарды социалдык жактан камсыздоо жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү, инвестициялардын киришине шарт түзүү маселелери талкууланды.

Жапаров белгилегендей, Баткен облусу стратегиялык аймак болуп саналат.

«Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат. Баткендин транпорттук коридорлору келечекте Баткен району үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн кызмат кылат: өнүгүүнүн коридору болот», — деп белгиледи Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Баткен облусунун Фергана өрөөнү жана Кытай ортосундагы транзиттик коридор болууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

«Тийиштүү шарттарды түзүп, фитосанитардык лабораторияларды ишке берсек, «Эркечтам» өткөрүү пункту аркылуу коңшу Кытайга сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кызыл-Кыя шаары Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы ири аймактык соода түйүнүнө айланат. Баткен жана Исфана аэропорттору эл аралык макам алат, Лейлек эркин экономикалык аймагы пландалгандай иштейт», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгиледи.

«Чек ара инфраструктурасы жакшыртылып, жаңы заставалар курулат. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландар чоң жана биз аларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM