Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Баткенди өнүктүрүү планын кыйшактабай, түз аткарышыбыз керек

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 310 | 0

«Инвесторлор менен чоң-чоң ишканаларды салганы жатабыз. Өрүктү кайра иштетүүчү заводдор Баткен эли үчүн иштеши керек. Баткендин өзгөчө статусу жөнүндө мыйзамдын негизги мазмуну облусту өнүктүрүү, бизнести алып келгенге шарттарды түзүү, аны биз кыйшактабай түз аткарышыбыз керек», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенде өтүп жаткан көчмө жыйында.

Жапаров белгилегендей, Баткен жергеси Кыргызстандын эң алыскы облусу эмес, Кыргызстандын төрү болуп саналат.

«Бул максатта тилектер, аракеттер бар. Кирешелерди көбөйтүп турсак, баары болот деген ойдомун. Баткен облусунан Кыргызстандын үч чоң жетекчиси чыккан: Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков жана Апсамат Масалиев. Баткен облусунун ар бир кызматкери алардын атын булгабай, мыкты иштешиңиздер керек», — деди Жапаров.

Акылбек Жапаров бүгүн Баткен облусунда биринчи көчмө жыйынын өткөрүүдө. Анда облустун инфраструктурасы, социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, жазгы талаа иштерине даярдыктар каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM