Биз менен байланышыңыз

Догдурбай Урмамбетов: Аткаруучулар авторлорду унутта калтырбаса

Марал шоу , Мезгил жана мен | 25 Фев 2022 | 12930 | 0

«Ыр уксаң, аткаруучуну тааныйсың. Ал эми ыр жаратмандары дайыма айтылбай, унутулуп, элге кеңири таанылбайт. Бул акын, обончулар үчүн абдан чоң көйгөй жаратууда» деген ойду КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, бүткүл союздук деңгээлдеги кароо-сынактардын жана эл аралык конкурстардын лауреаты, обончу, композитор Догдурбай Урмамбетов «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасына берген маегинде айтты.

— Ийгиликке жетүүнүн эң жөнөкөй ыкмаларынын бири — эрте туруу. Сиздин бир күндүк тартибиңиз кандай болду экен?

— Эрте тургандар өзүнүн иш күндөлүгүн дайыма тууралап алат. Азыр биз жаш курагыбызга жараша эрте туруп калдык. Ал эми курч кезибизде уйкучу болуптурбуз (күлүп). Саат таңкы 6да турам. Андан кийин сөзсүз көнүгүү жасайм. Чыгармачылыгыма бир сыйра көз жүгүртөм. Акындар менен көп иштешкениме байланыштуу кээ бирөөнүн сөзү жакшы болсо, «каркас» түзүп, нотасын жазып коём. Андан соң эртең мененки тамакты ичип, жумушка барам. Искусство университетинде мугалимдик кесипти 6 жылдан бери аркалап келем. Ага чейин концертмейстер болуп, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 5 жыл иштедим. Окуучуларыма аккордеон үйрөтөм. Жумуш бүткөн соң, көнүгүүлөрүмдү кайталайм. Сыналгыдан соңку жаңылыктарды көрөм. Бул менин күн тартибим десем болот.

— Жаш кезден көп музыкалык аспапты өздөштүрүп, чыгармачылыкка жакшы жол баштаптырсыз. Бир топ кароо-сынакка катышкансыз. Обон дүйнөсүнө кантип сүңгүп кирип кеттиңиз?

— Жараткан 1% талант берет турбайбы. Ошону кармап калгандар андан ары улантат. Таланты менен башка кесипти аркалап, берилген өнөрдү өстүрүп, тууруна кондуруп, таанылып жүргөндөр абдан көп. Берилген талантты эмгек гана жаратат. Канчалык көбүрөөк эмгек жаратсаң, ошону менен ишиң да жүрүшөт. Ал эми чыгармачылык чоң бир түйшүк. Эң алгачкы чыккан «Көл элеси» менен «Жүрөк сырын» студент кезде жараткам. Акын Турар Кожомбердиев, композитор Нсыр Давлесов: «Сиздин бул ырлар алтын фондго өттү», — дегенде ушунчалык кубангам. Бул чыгармачылыкка ого бетер шык берет экен. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окудум. 8 китептин автору болдум. Анын үчөө — окуу куралы.

Бизде аккордеон кыргыздын улуттук аспабына айланып бара жатат. 2017-жылы Италиянын Костельфидардо деген шаарындагы конкурска чакыруу келип, катыштым. Бул эл аралык конкурс 1976-жылы башталып, жыл сайын уланып келет экен. Мамлекеттен буга чейин эч ким катыша элек болчу. Желегибизди желбиретип, Калый Молдобасановдун «Танцевальная суета», «Жаштык жазы» пьесамды жана классикалык чыгармалардан аккордеондо ойнодум. Ал конкурстан соң, «кыргыздын күүлөрү дүйнө жүзүнө жаңырышы керек» деген тилек менен келип, 22 күүнү камтыган «Комуз күүлөрү аккордеондо» деген китеп жаздым. Ондон ашык  гимн жазгам. Эки жүзгө жакын обондун авторумун.

— Ушул аккордеонду башка өлкөлөрдө кандай колдонушат экен? Чет жакта айырмачылыктарды байкай алдыңызбы?

— Бул аспаптын үнү аларга тааныш. Бирок аткарып жаткан чыгарма чет элдиктердин кызыгуусун жаратты. Мен ошондо «Ибарат» күүсүн ойногом. Түркияда ушул күүнү ойносом, ат минип келаткан жоокер элди элестетишти. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин жер тоолуу болгондуктан, түз жерлерибиз аз санда. Демек, музыкабыз бир беткей эмес, абдан татаал.

— Аккордеонду толук изилдеп бүттүңүзбү? 

— Бул аспап миниоркестр сыяктуу, үнү кооз. Аны изилдеп бүтүү кыйын. Учурда аккордеонго кызыгып, үйрөнгөндөр абдан көп. Бул — кубантарлык көрүнүш.

— Эми чыгармачылыкка кандай жаңылыктарды киргизейин деп турасыз? Обондордун тематикасы жөнүндө айта кетсеңиз?

— Азыр көбүнчө патриоттук нукта обондор жаралууда. Өзүм Жети-Өгүз районунун Дархан айылынан болом. Тарыхты окугандар билсе керек. 1955-жылы Абрамзон башында турган профессорлор айылга келет. Алар: «Совет өкмөтү курулгандан кийин кандай өзгөрүүгө дуушар болду? Кайсы районду, айылды тарыхка жазабыз?» — деп изилдешет. Анан Ворошилов колхозунан спортчу, улакчы, манасчы, ырчы, уста, кол өнөрчү көп чыккан экен. Анан кеңешип, ушул колхозду тандап алышат. Бул колхоздун азыркы аты — Дархан айылы. Менин атам Үсөн чоң уста болгон. Москвада атамдын колунан чыккан ат жабдыктар ушул кезде да сакталып турат. Тарыхый китептердин биринде 13 жашында түшкөн сүрөтү бар. Ошол китепти илимпоздор көп колдонушат.

Туулган жерге болгон сүйүүмдү ыр менен чыгарып жаттым. Азыр «Мекеним» деген ырымды Турдалы Аскарбеков, ал эми «Мекен жер» деген ырымды Бакыт Ыбыкеев ырдап жүрөт. Жети акеге, анын ичинен Карга акеге жазылган ырым да бар.

— Чоң устанын баласы, мыкты аккордеончу, мыкты обончу-композитор… Үй-бүлөдө чыгармачылыкка аралашкан инсандар барбы?

— Атамдын эжеси чоң саймачы, тикмечи, ырчы-жамакчы болгон. Анын балдары музыкалык аспаптарда ойногон. 3-4-класста окуп жүргөндө алардын кыягын жеткирип баратып, жолдон ойноп көрүп, үйрөнгөн күндөр болгон. Ошентип жүрүп комуз, кыяк, гитара, баянды да үйрөндүк.

— Сиздин искусствого, кыргыз маданиятына болгон бааңыз?

— Советтер Союзунун убагында ар бир чарбада бирден маданият кызматкери төраганын орун басары болгон. Ошол жердин маданияты көтөрүлбөсө, өспөсө, жетекчилери жоопко тартылышчу. Окуп жаткан окуу жайыңа келип, квартираңа чейин төлөп беришкен. Маданият кызматкери ал кезде барктуу элек. Үч жерде иштеп, үч үйгө жеттим.

Жети-Өгүз районунда 1982-1985-жылдары иштедим. «Ыр кесе» уюуштуруп, облустан биринчи орунду алып, Казакстанга чейин таанылган. Маданиятка аябай көңүл бурулган. Азыркы маданий очоктор — ыйлай турган абалда.

Окууну бүткөндөн кийин «Ак куу» ыр ансамблине музыкалык жетекчи болдум. Мыкты обондорду чыгарып, китеп жазып, аккордеон аспабына кызыгышкан кийинки муундарды үйрөтүп, бул жашоодо из калтырып кетишим керек. Ошондуктан мугалимдик кесипти аркалап жатам.

— Ырлардын, обондордун жаралуу тарыхына кайрылсак…

— Эми бул музыкага болгон сүйүү да. Ошол убакта сөз ыргактар да келип, сөздөрдү  да жазып калган учурлар да болот. Музыкага берилгенде кандайдыр бир ыргактар келип турат. Көбүрөөк чыгармачылык менен алектенгендер түшүнөт. Азыр патриоттук ырларга көбүрөөк ыктап калдым. «Ала-Тоо — кыргыз жери» деген ырым 20 жылдан бери ырдалып жүрөт. Чоң иш-чараларда Султан Каримов дайыма аткарат.

— Азыркылардын аккордеонго болгон кызыгуусу кандай? 

— Кызыккандар абдан көп. Бирок, биринчи билим алуусун сурайт элем. Азыр жаштар эле эмес, бир топ жашка барып калгандар да келет. Алар: «Жаш кезде эңсегениме жетпей калып, эми пенсияга чыкканда ушул аспапты үйрөнгөнү келдим», — деп кайрылышат. Алар да нота жаттап, балалыктагы кыялын орундатышат.

— Ар ким өзүнүн тандап алган тармагын жакшы билет эмеспи. Обончулук абалы кандай?

— Абалы өтө начар. Илгери Союздун убагында композитор Түгөлбай Казаков башында турган Обончулар союзу деген түзүм жоюлду. «Санат» телеканалында иштеп калып, апалардын «Өзгөчө», «Санаалаштар», «Достук» деген тобун даярдап, көркөм жетекчи болуп,  Роза Амановага: «Обончулар талаада калды. Колдоо көрсөтүп, эстеликке обондорун жаздыралы. Кийинки муун үчүн нотага салып берели. Биздин кыргыз музыкасына кошкон салымыбыз болсун», — десем макул болуп, 60 телекөрсөтүү тарткам. Матисаков Сапарбай деген ноокаттык жигиттин эң сонун ырлары бар. «Аралаба» деген ырын Нурлан Насип ырдап чыкты. Алар авторун айтышпайт. А автор өзү Москвада 10 жыл, Астанада 10 жыл кара жумушта иштеп жүрүптүр. Анын ырларын менчиктеген «уурулар» көбөйүптүр. Ошолордун баарынын бетин ачып, көрсөттүм. Унутта калып кеткен обончуларды таап, ырлары менен кошо чыгарып жаттык. Андан соң «Обончулардан ыр белек» деген 86 обончунун обондорун киргизип, китеп чыгардым.

Кыргыз маданиятында, искусствосунда орошон таланттар абдан көп. Кыргыз эли таланттарга бай, маданият жаатында атагы чыккан өнөрпоздор арбын. Мамлекетибиз маданиятты колго алмайынча, көп нерсе артта калат.

— Чыгармачылыктан сырткары кандай таланттарыңыз бар?

— Атамдан калган устачылык өнөрүм бар. Ат жабдык жасайм, сүрөт тартам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM