Биз менен байланышыңыз

Кримтөбөл «Жеңгонун» адамдары ишкерди коркутууга шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 289 | 0

«Жеңго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досоновдун тобундагы адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 17-февралында кайсы бир адамдар Кара-Суу районун Нариман айылынан жеке ишкерди коркутуп, акча талап кылганы боюнча маалымат түшкөн. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузулап пара талап кылуу) негизинде иш козголуп, шектүүлөргө издөө жарыяланган.

Атайын операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү 1992-жылы туулган Р.Э.Р., 1993-жылы туулган А. уулу Э. ишкер А.А.И.ден акча алып жаткан жеринен колго түштү. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM