Биз менен байланышыңыз

Dan Kolov — Nikola Petrov-2022: Балбай Дордоков чемпион болду

Кыска кабар , Спорт | 19 Фев 2022 | 427 | 0

Болгариянын Велико-Тырново шаарында өтүп жаткан күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык турниринде Балбай Дордоков алтын медаль алды.

Грек-рим күрөшүнөн 55 кг салмакта күч сынашкан Балбай Дордоков алгачкы беттешинде индус балбан Ажайды 2:3 эсебинде, кийинки беттеште алжирлик М.Дрибини 6:4 эсебинде жеңип, финалга чыккан. Финалда румын балбан Флорин Михай Денини 4:2 менен утуп алды.

Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык турнири 17-февралда башталган. 20-февралда жыйынтыкталат.

Учурда Кыргызстандын эсебинде 1 алтын, 1 коло медаль бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM