Биз менен байланышыңыз

Президент депутаттарга: Министрлер кабинетинин жыйындарына катышкыла

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 633 | 0

Президент Садыр Жапаров парламент депутаттарына Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылды. Ал азыркы чакырылыш ишке киришкенден бери парламенттин, комитеттердин, фракциялардын жыйындарына көз салып турганын айтты.

Жапаров комитеттердин, фракциялардын, депутаттык топтордун жыйындарына «Министрлер кабинетинин төрагасы өзү келсин, министр өзү келсин» деген талапты койбоону өтүндү.

«Кандай гана маселе каралбасын, ошол маселеге тиешелүү орун басарлары барып жатышат. Министрге караганда каралып жаткан маселени орун басары жакшы билерин билесиздер. Анткени тиешелүү болгон маселелер менен тиешелүү орун басарлары түздөн-түз иш алпарышат. Ар бир орун басардын адистигине, багытына жараша иштер бөлүштүрүлүп берилет. Ал эми министр болсо жалпысынан координациялайт. Бирок албетте, өзү жетектеген министрликтин бардык иштери үчүн керт башы менен жооп берет. Менин сиздерге (ар бир депутатка) айтайын дегеним, эгер кандайдыр бир көйгөйдү же Министрлер кабинети чече турган маселени көтөргүңүздөр келсе, анда ар бир аптанын жума күндөрү кечки саат 18:00дө өтө турган Министрлер кабинетинин жыйынына катышсаңыздар болот. Бул жыйындарга катышып, каалаган талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Бардык министрлерди, айрым күндөрдө облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүмдү да ушул жерден таба аласыздар. Келип, суроо-талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Ошондо маселеңиздер ыкчам чечилет деп ойлойм», — деди президент.

Жапаров парламент жыйындарына министрлерди орчундуу маселе болгондо гана чакырууну, алардын бир күндүк ишин үзгүлтүккө учуратпоону суранды. Ошондой эле бул кайрылуусун туура түшүнүп, ынтымакташып иштөөнү өтүндү.

Copyright © 2017 Maral FM