Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 19-февралда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…+3;
Бишкекте 19-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +6…+8 градус болот.