Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор «ЖИАнын» ишкерлери менен жолугушту

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 762 | 0

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Жыйынга бирикменин 38 өкүлү катышканын Башкы көзөмөл органы кабарлады.

Жолугушууда Башкы прокурор ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча айтып, бул прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыты экенин билдирди.

«Укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдар ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишип же тоскоолдук кылышса, күнү-түнү прокуратура органдарынын ишеним телефондоруна кайрыла алышат. Ар бир факт боюнча прокуратура органдары токтоосуз тиешелүү чараларды көрүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM