Биз менен байланышыңыз

УКМК: Журналист Семетей Талас уулу экстремизмге шектелүүдө

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 1084 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы журналист Семетей Талас уулу кандай иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат берди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 18-февралда Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды жайылтуу) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Кыргызстандын жараны С.Т. УКМКга жеткирилген.

Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.

18-февралда Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн алып кетишкен.

Түштөн кийин журналист бошотулганын социалдык тармактын колдонуучулары билдирди. Ал өзү суроолорго жооп берип жатып, УКМКда күбө катары сурак берип чыкканын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM