УКМК Жалал-Абадда көмүскө кумар оюндары уюштурулган жайлар табылганын кабарлады.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилеринин негизинде иликтөө жүргүзүлгөн.
Анда компьютердик клуб деген атты жамынып, кумар оюндарын уюштуруп турган адамдардын тобу аныкталган. Жабык жайга күнүнө 70-80 адам келип, кумар ойноп кетип турган.
УКМК кызматкерлери 15-февралда кумар оюндарын уюштуруучу К.А.К.ны, администраторлор Т. кызы А.ны, У.А.А.ны, андан тышкары мекемеде ойноп жаткан 30 адамды кармады. Учурда тергөө жүрүп жатат.