Биз менен байланышыңыз

Red Centre соода борборуна бомба коюлганын айткан киши кармалды

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 388 | 0

«Соода борборуна бомба коюлду» деп жалган маалымат берген адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 31-январында УКМК кызматкерлеринин биринин уюлдук телефонуна белгисиз адам чалып, Бишкектеги Red Centre соода борборуна бомба коюлганын кабарлаган. Атайын кызмат айтылган дарекке барып, текшерүү жүргүзгөндө маалымат жалган болуп чыккан.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (атайылап террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) менен катталып, маалымат берген адамды издөө иштери башталган.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышты жасаган адам учурда абактардын биринде жазасын өтөп жаткан З.Д.К. экени аныкталды.

Учурда ишин убактылуу токтотуудан соода борбор тарткан материалдык зыяндын өлчөмүн такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM