Биз менен байланышыңыз

Бээжин Олимпиадасы: Максим Гордеев марага жетпей калды

Кыска кабар , Спорт | 16 Фев 2022 | 323 | 0

Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиадага Кыргызстандын атынан барган лыжачы Максим Гордеев бүгүн, 16-февралда лыжа тебүүнүн слалом дисциплинасында күчүн сынады.

Максим Гордеев катышкан эркектер арасында лыжа тебүү жарышында жалпы 88 спортчу күч сынашты.

Ал эми 81-номердеги кыргызстандык спортчу биринчи аракетинде кулап түшүп, марага жетпей калды.

Максим Гордеев лыжа тебүү боюнча Кыргызстандын чемпиону жана эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга татыган.

Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февралда Кытайдын Пекин шаарында өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM