Быйыл апрель-май айларында Будапешт-Бишкек багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Бакыт Шаршеев «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учууларды Wizzair европалык авиакомпания аткарат. Кыргызстан тарап тийиштүү келишимдерге толук кол коюп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Учурда авиакомпаниянын жообу күтүлүүдө.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто 2021-жылдын ноябрь айында Бишкекке келген учурда 2022-жылы Бишкек-Будапешт түз аба каттамы ачыларын айткан. Учак жумасына эки жолу каттайт.