Биз менен байланышыңыз

Чүйдө арматура чыгарган завод ачылды

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 187 | 0

Чүй облусунда арматура чыгарган «Азия Сталь» заводу ачылды. Президент Садыр Жапаров 15-февралда заводдун иши менен таанышты.

Заводду оңдоп-түзөө, жаңылоо иштери Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен 2021-жылы июнь айында башталып, ушул жылдын февраль айында ишке кирген. Ишканага инвестицияны кыргыз ишкерлери менен Индиянын Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясы салган.

Жаңылоонун биринчи этабында «Азия Сталь» ЖЧКсы болот эритүүчү мешти орнотуп бүттү. Ал айына 3 миң тоннага чейин чийки зат даярдап, заводду импортко көз карандылыктан куткарат.

Экинчи этапта Индиянын Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясы болот куюучу мешти орнотот. Өндүрүш кубаты айына 15 миң тонна болору болжолдонуп жаткан бул мешти коюу 2023-жылы аяктайт.

Завод биринчи этапта Кыргызстандын арматурага болгон суроо-талабын 10%га, ал эми экинчи этапта 60%га чейин аткара алат. Ошол эле учурда бул материалдын базар баасын 10%га чейин арзандатууга шарт түзүлөт.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан өндүрүш, агроөнөр жай комплекси, байланыш жана IT, транспорт, логистика, туризм жана башка тармактардагы 333 долбоор 44,2 млн долларга каржыланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM