Кыргызстандык футболчу Айзар Акматов ойногон команда Бангладеш Премьер-Лигасында жеңишке жетти.
Премьер-Лиганын 3-турунун алкагында «Шейх Руссел» командасы «Саиф Спортинг» командасы менен беттешти.
Оюндун 39-мүнөтүндө Айзар Акматов айып аянттан тебүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, жалгыз жана жеңиштүү голду жаратты. Муну менен «Шейх Руссел» атаандашы «Саиф Спортингди» 1:0 эсебинде жеңип алды.
Айзар Акматов ушул эле турнирдин биринчи турунда да бир гол тээп, командасын жеңилүүдөн сактап калган болчу.
«Дордой» футбол клубунун жана Кыргызстан улуттук курама командасынын чабуулчусу Айзар Акматов өткөн жылдын декабрь айында чет өлкөдөгү командалардын бири менен келишим түзгөнүн жарыялаган.