Биз менен байланышыңыз

Транспорт министрлиги айдоочуларга ашуулардан абайлоону эскертти

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 258 | 0

Транспорт жана коммуникация министрлиги айдоочуларды узак жолдо унаалардын ылдамдыгын чектөөсүн эскертти.

Ошол эле учурда кардын калың жааганына байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат беришти.

Кардын калыңдыгы Төө-Ашууда 10 сантиметрге, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында 15 сантиметрге жеткен. Бирок жол ачык, эч кандай чектөө киргизилген эмес.

Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында, Долон, Кызыл-Бел ашууларында жол тазалоо иштери жүргүзүлдү. Мындай иштер учурда Талас-Тараз-Суусамыр жолунун Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров жолунун Чапчыма ашуусунда да жасалып жатат.

Бүгүн, 15-февралга караган түнү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров жолуна көчкү түшүп, ал түнкү саат 2:00дө тазаланып бүткөн. Красная-Горка-Акташ унаа жолуна да көчкү түшкөнү кабарланган, учурда ал жерде да тазалоо жүрүп жатат.

Буларга байланыштуу министрлик айдоочуларды дөңгөлөк чынжырын алып жүрүүгө чакырып, кокустук болуп кетпеши үчүн 500 метр аралыкты сактоону талап кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM