Биз менен байланышыңыз

14-февраль — Белекке китеп берүүнүн эл аралык күнү

Блог | 14 Фев 2022 | 1572 | 1

Бүгүн 14-февралда белекке китеп берүүнүн эл аралык күнү белгиленет. Бул күнү китептер жаңы окурмандарын таап, китепкөйлөр бири-бирине кубаныч тартуулашат.

Тарыхы

Китеп берүү күнүнүн идеясы мектеп китепканачысы, блогер, балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү, үч баланын энеси, америкалык Эмми Бродмурга таандык. Тагыраагы, Эмминин кичинекей уулу апасынан «Эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп берген өзгөчө күн жок?» — деп сурап, мындан улам 2012-жылдын дал ушул күнү апасы уулунун кыялын орундатуу үчүн социалдык тармактагы досторун бул өнөктүккө катышууга чакырык таштаган кайрылуу жарыялаган.

«Азыр адамдар бири-бирине китептерди жөн эле белек кылбастан, алар өздөрүнүн окуяларын, сүрөттөрүн Twitter, Facebook жана Эл аралык китеп берүү күнүнүн веб-сайтына бөлүшөт. Бул долбоор бара-бара бардык адамды шыктандырат», — деп жазган Эмми социалдык тармактагы баракчасына.

Түзүлгөндөн тарта эле эки жыл ичинде бул демилге бүткүл дүйнөлүк колдоого ээ болуп, дүйнө жүзү боюнча улам жаңы катышуучуларды таап келүүдө. Учурда дүйнөнүн 30 өлкөсүндө белгиленип жаткан бул датада айрыкча, балдарга китеп берүү өзгөчө маанилүү.

Бул майрам башка өлкөлөрдө кандай майрамдалат?

Орусияда

2017-жылдын 14-февралында Маданият, искусство жана билим берүү кызматкерлеринин ассоциациясы балдарды «Окурманды тарбиялоо» окууга тартуу максатында «Китептерди сүйүү менен бер» биринчи бүткүл орусиялык акциясын өткөрүү идеясын сунуштаган. Бул демилге Орусияда катардагы жарандарынан тышкары өлкөнүн бардык китепканачыларынын да колдоосун тапкан. Дегеле, бул күндүн кадырынын өсүшүнө китеп соода түйүндөрүнүн, китептерди сатуучу сайттардын, ошондой эле кайрымдуулук уюмдарынын кошулушу да өбөлгө түзөт.

Ошол жылдан бери Орусиянын Балдар китепканасынын колдоосу менен «Китептерди сүйүү менен бер» өнөктүгү жыл сайын өткөрүлүп, анын алкагында балдар мекемелери үчүн китептерди чогултуу, сынактар, викториналар, чеберчилик сабактар, атактуу адамдар, балдар жазуучулары жана искусство ишмерлери менен жолугушуулар уюштурулат. Беш жылдын ичинде өнөктүккө Орусиянын 85 облусу кошулуп, миллиондон ашык китеп чогултулуп, ар кандай уюмдарга белекке берилди.

Арменияда 

Бекеринен «Китеп — эң жакшы белек» деп айтышпайт. Арменияда бул билдирүү баарына тааныш, анткени дал ушул күнү жыл сайын 19-февралда белгилүү акын, жазуучу жана коомдук ишмер Ованес Туманяндын туулган күнүндө Китеп белекке берүү фестивалы өтөт.

Бул күнү ар бир адам досторуна, туугандарына, жадагалса, көчөдө кокусунан өтүп бара жаткан адамга китеп белек кыла аларын божомолдоо оңой.

Кошумчалай кетсек, 19-февралда Армениянын ар кайсы шаарларында коомдук окуулар, жазуучулар менен жолугушуулар жана масштабдуу акциялар өтүп, анда китептерди фонддорго, китепканаларга жана окуу жайларына өткөрүп берүү каралган. Майрамдын негизги максаты өсүп келе жаткан муундун китеп окууга болгон сүйүүсүн, маданиятына, тарыхына кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

1 пикир

1 пикир

  1. Манасова Темиржан

    13.02.2024 22:55

    Мага бул маалыматтар аябай дакты😃😊😊

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM