Биз менен байланышыңыз

Маданият кызматкерлери үйдү ипотекага эмес, бекер берүүнү суранышууда

Билим-маданият , Коом | 14 Фев 2022 | 2391 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри өз үйү жок маданият кызматкерлери үчүн атайын турак жай салынып жатканын кабарлаган. Министрдин айтымында, учурда ипотекалык компаниялар сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эгер ал жүзөгө ашса, анда маданият өкүлдөрү 4%дык үстөгү менен 35 жылдык мөөнөткө үй ала алышат. Өнөрпоздор, кызматкерлер буга караманча каршы экенин билдиришип, өлкө башчысына кайрылуу жасашты.  

Маселе боюнча маданият кызматкерлерине кайрылганыбызда, алардын дээрлик көпчүлүгү 35 жылдык мөөнөткө айрымдарынын өмүрү жетпей калышы мүмкүн экенин белгилешет. Ошол эле учурда мамлекеттик мекемелерде эмгектенген өнөрпоздордун айлыгы менен ипотека төлөө мүмкүн эместигин айтышууда.

Айта кетсек, ушул жылдын январь айынан тарта маданият кызматкерлеринин айлыгы 12 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми министр айткан шарт менен үй алышса, айына 10-13 миң сомдон төлөп турушу керек болот.

Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Мээрим Касаболотова учурдагы айлыгы күнүмдүк тириликке да жетпей калып жатканын айтат.

«Улуу ага-эжелерибиз алыстан келип иштешет. Турак жай маселеси чечилбей, ушул убакка чейин жатаканада жашаган маданият кызматкерлери көп. Андан кийинки жаштар деле адам чыдагыс жерде жашап келишет. Арабызда жалгыз бой энелер да бар. Мисалы, менин айлыгым батириме да жетпейт. Жалгыз бой энемин. Эки баланын апасымын. Тапкан акчам үй-бүлөмдү, батирди каржылоого жетпейт».

Музыкант Нурбек Серкебаев мамлекеттен үй курууга 340 млн сом бөлүп берүүнү суранды. Анын себебин мындай түшүндүрдү:

«Буга чейин деле президент Жапаровго кайрылуу кат жазып келгенбиз. Анын жообун министрликтен алып жатабыз. Учурда айлыгыбыз 10 миң сомго чейин эле болуп жатат. Ижарага үй алганда деле 4% менен төлөй албайбыз. Аны 25-35 жыл төлөө үчүн 60 жаштагы маданият кызматкерлери бир топ жашка келип калышат экен. Мамлекеттен бекер салып берүүсүн өтүнөбүз. 340 млн сом бөлүп берүүңүздөрдү суранабыз. Атамбаевдин убагында капсула салынган. Жер даяр, 190 үй-бүлөгө үй салууга долбоор бар. 340 млн доллар эмес, сом эле бөлүп берүүңүздөрдү күтөбүз».

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева турак жайга муктажбыз деп кайрылган маданият кызматкерлери көп экенин айтат. Ошондой эле ал эмне себептен үйлөрдү салып берүү кечиктирилип жатканын түшүндүрдү.

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин турак жайы жок мамлекеттик маданий мекемелерде эмгектенген жогорку билимдүү жана чыныгы кесипкөй маданият адистеринен атайын кайрылуу келип түшкөн. 2016-жылдын 29-августундагы токтомго ылайык, социалдык маданий объектилер менен көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана курууга Анкара көчөсүнөн атайын жел тилкеси мөөнөтсүз бөлүнгөн. 2016-жылы октябрь айында мамлекеттик акт алынып, мыйзамдаштырылган. Учурда Маданият министрлиги тиешелүү тараптарга 2022-жылга акча бөлүп берүүнү өтүнгөн кат жөнөттү. Бөлүнгөн каражат 189 батирлүү үй курууга жумшалат».

Бишкекте Анкара көчөсүндө 2018-жылдан тартып турак жайга муктаж болгон маданият кызматкерлери үчүн 4 үй курула баштаган. Азыркы учурда 2 үйдүн пайдубалы тургузулуп, бир үйдүн экинчи кабатына чейин бүткөн. Азыр эки үйдү бүтүрүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Үйлөр турак жайга өтө муктаж болгон маданият кызматкерлерине берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM