Биз менен байланышыңыз

Биздин коомчулук «фейкти, хайпты» айырмалай билген деңгээлге жетти

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2022 | 1062 | 0

Бүгүнкү күңдө биздин коомчулук «фейк, хайп» маалыматтарды колдобогон деңгээлге жетти. Бул өтө чоң жетишкендик. Мындай пикирин «Социокод» коомдук пикир изилдөө борборунун директору Эсен Өмүракун уулу «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында эл жакшылыкты жана туура сүйлөгөндөрдү колдогон деңгээлге эми өтө баштады. Коомчулук ушундай нерсени толук айырмалай билип, ушул этаптан өтүп кеткенден кийин гана, бийлик өз каалаганын жасай бербей, эл менен эсептешип баштайт, — деп кошумчалады Өмүракун уулу.

«Эл маалыматтарды иргей билбесе, бийлик адамдын оозун жапкысы келсе анда “чет элдик агент” деп, Орусиядагы мигранттардан келген каражаттарды, Батыш өлкөлөрдөн келген гумантардык жардамды жана бейөкмөт уюмдарга же массмедиага түшкөн каражаттарды “чет өлкөлүк каржылоо” деп коюшу мүмкүн», — деди Өмүракун уулу.

Буга байланыштуу ал биздин коомчулук кийинки этапка өтүп, көз карандысыз журналисттерди колдоп, шыктандырып ар бир жаран мүмкүнчүлүгүнө жараша каржылап жардам көрсөтүүсү зарыл деп эсептейт.

Руслан Акматбек: Журналисттерди камоо «салты» өзгөрүүсүз уланууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM