Биз менен байланышыңыз

Руслан Акматбек: Журналисттерди камоо «салты» өзгөрүүсүз уланууда

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2022 | 923 | 0

Он жылдан бери Кыргызстанда бир нече президент алмашты, кысымга дуушар болгон массалык маалымат каражаттарынын аталышы да алмашты, бирок эркин журналисттердин сөз эркиндигин чектөө аракеттери адаттагыдай уланып келе жатат. Мындай пикирин жарандык активист Руслан Акматбек «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаңы өлкө башчысы белгилүү бир убакыт медиа өкүлдөрүнө эркиндик берет, андан соң ал эркиндигин чектей баштайт.

Бийлик өкүлдөрү реалдуу экономикалык, социалдык, саясий реформаларды ишке ашыра албаганынын айынан сындар көбөйө баштайт, президент жогоруда аталган маселелер менен күрөшкөндүн ордуна сын айткан журналисттер менен күрөшө берет.

Акматбек өз сөзүндө бардык президенттер медиа коомчулуктун сөз эркиндигин бирдей ыкмалар менен чектеп келгенин айтып, өзгөчөлүктөр такыр жок болуп жатканын маалымдады.

«Буга чейинки, азыркы президенттер бирдей ыкма колдонуп жатышат. Кылмыш иш козгошот, анан камашат. Эч кандай креативдүүлүк жок. Бир гана айырмачылык, азыркы бийлик медиалардын алдында троллдордун жардамы менен жасалма митинг уюштуруп калышты», — деди жарандык активист.

Акматбек азыркы тапта бийлик өкүлдөрү жакырчылык, жумушсуздук, билим берүү системасындагы мүчүлүштүктөр, кадр саясаты, саламаттык сактоо тармагында маселелер менен күрөшүшү керек деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM