Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга кура турган 10 мектепке акча бөлө элек

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 1099 | 0

Орусия Кыргызстандын аймагына кура турган 10 мектепке акча бөлө элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бүгүнкү жыйынында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, Орусия менен дагы деле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, алар быйыл карап берүүгө сөз беришкен.

2021-жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров Орусияга болгон биринчи чет элдик иш сапарынын жыйынтыгында Орусия менен Кыргызстандын ар кайсы районуна 44 орус тилдүү мектеп-интернат куруу жөнүндө келишим түзүлгөнүн билдирген.

Бирок кийин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанга 10 мектеп салып берүү боюнча Орусия менен макулдашуулар жүрүп жатканын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM