Биз менен байланышыңыз

Мугалимдердин жетишсиздиги билим берүү системасын аксатып жатат

Билим-маданият , Коом | 7 Фев 2022 | 4119 | 0

Кыргызстандын мектептерине 900дөн ашык мугалим жетишпейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мамлекеттик мектептерге жүргүзүлгөн мониторингде ушул жылдын 15-январына карата жалпы 929 мугалим кем экени аныкталган. Аймактар боюнча алганда, Чүй облусунда 300дөн ашуун, Бишкек шаарында 191, Баткен облусунда 142, Ош облусунда 112, Ысык-Көл облусунда 78, Жалал-Абад облусунда 60, Талас облусунда 20, Нарын облусунда 12, Ош шаарында 9 мугалим жетишпейт.

Билим берүү жана илим министринин маалымат катчысы Самат Тоялиев мектептерде мугалимдер эмне себептен жетишпей жатканын мындай жагдайлар менен байланыштырды:

«2022-жылдын 15-январына карата көрсөткүч кыйла азайган. Ага чейин жогору болчу. Бул сандар да күн сайын өзгөрүп турат. Себеби ар кандай кырдаалдар, анын ичинде адамдык фактор да болушу мүмкүн. Убактылуу өргүүгө же декреттик өргүүгө чыгып кеткендер болот. Алар мөөнөтү бүткөндөн кийин кайсы бир убакта кайра жумушка чыгат. Ошол себептен да мугалимдердин орду бошоп, кайра толукталышы мүмкүн. Ошондой эле жогорку окуу жайлардын педагогика багытын аяктаган студенттер да катарга кошулат. Тилекке каршы, алардын баары мугалимдик кесипти аркалап кетпейт. Учурда бул маселени ар бир мектеп өзүнүн штаттык мугалимдеринин эсебинен чечип келишет. Башкача айтканда, квалификациясы туура келген мугалимдер башка сабактарды өтө беришет».

Билим берүү маселелери боюнча адис Догдуркүл Кендирбаева учурда Кыргызстанда мугалимдерди шыктандыруу демилгелери жок болуп, мамлекет тарабынан тиешелүү шарттар түзүлбөй жатканын айтып берди.

«Биринчиден, мугалимдин айлыгы аз. Экинчиден, социалдык кепилдиктер да жок болуп жатат. Так илимдер багытындагы адистер жетишпейт. Бул сабактардын сааты аз болуп, ставка толбогондуктан айлыгы да аз болушу ыктымал. Ошондой эле аларды иш сапарына жөнөтүүгө шарттар түзүлгөн эмес. Мурда биз жаш мугалимдердин депозити менен 3 жыл иштөө үчүн убакыт берип, 60-70 миң сом төлөп берет элек. Эми бул көйгөйдү кантип чечүү керек? Жогорку окуу жайларда бир предмет эмес, эки предметке байланылган адистерди даярдоо керек. Маселен, математика-физика, химия-биология сыяктуу предметтерди чогуу окутса болот. Жаш мугалимдердин келүүсүн демилгелөө зарыл. Алар үчүн кандайдыр бир социалдык шарттарды жакшыртуу керек. Мындан тышкары мектептин базасында сабактан кийин так илимдер боюнча атайын ийримдерди өтүү керек».

Жыл сайын Кыргызстандын жогорку окуу жайларын 4,5 миңден ашуун бүтүрүүчү педагог адистигинде аяктайт. Алардын жарымы бюджеттик квота менен билим алып, Өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик мектептерде 3 жыл иштөөгө милдеттендирилет.

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаровдун пикиринде, университеттерде педагогдорду даярдоо деңгээли төмөн. Адис бул маселени чечүүнүн бир нече жолун сунуштады:

«Бул көйгөйдү чечүүдө негизги нерсеге көңүл буруу керек. Биринчиси, мугалимдердин статусун бекемдөө. Мугалимдин айлыгын көтөрүп коюу менен эч кандай алгылыктуу жыйынтыкка жете албайбыз. Мугалимдин статусун, аброюн көтөрүү акчага гана байланбашы керек. Сапаттуу мугалимдерди көбөйтүү зарыл. ЖОЖдо сырттан окуган студенттер да бар. Алар эч кандай билим албай туруп, кантип педагог болушат? Бүгүнкү күндө жалпы республикалык тестирлөөдөн эң төмөн балл алган абитуриенттер педагогика адистигине айла жоктон тапшырып жатышат. Көйгөй мына ушул жерден башталат. Алар окууну бүткөн соң, канчалык деңгээлде татыктуу кадр боло алат? Билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн мугалимдердин сапатын жогорулатпаса болбойт».

Статистикалык маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө өлкөдөгү мектептерде жалпы 82 миңден ашуун мугалим эмгектенет. 2021-2022-окуу жылынын башталышында 2 миңден ашуун мугалим жетишпегени белгиленсе, окуу жылынын биринчи жарымынан соң, бул сан 929ду түздү. Айрыкча, так илимдер боюнча адистер таңсык экени буга чейин да бир нече жолу айтылган.

Аймактардан алынган статистикага караганда, ушу тапта Бишкек шаарына 24 математика мугалими, Баткен облусуна 37 музыка мугалими, Жалал-Абад облусуна 16 орус тили мугалими, Нарын облусуна 6 физика мугалими, Ош облусуна 19 музыка мугалими, Чүй облусуна 42 орус тили мугалими, Ысык-Көл облусуна 14 орус тили мугалими керек болууда.

Copyright © 2017 Maral FM