Биз менен байланышыңыз

Жапаров кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 287 | 0

Бүгүн Кыргызстандын президенти менен Кытай Эл Республикасынын башчысы жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кытайлык компаниялар менен биргеликте ишке ашырууга кызыкдар болгон бир катар долбоорлорго токтолду.

Ошондой эле президент Жапаров энергетика тармагындагы кызматташууну активдештирүүнү колдоду.

Мындан тышкары, экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында ал жалпы капиталы 1 млрд АКШ долларын түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады. Ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак.

Андан соң, президент Кыргызстандын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин токтотулган бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүнү жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM