Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү маселеси талкууланды

Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 347 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда эки мамлекетти кызыктарган бир топ маселелер талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бул сүйлөшүүлөр кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө дем берип, жетишилген макулдашуулар жакынкы жылдарда мындан аркы өз ара аракеттенүүгө негиз түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Жапаров ошондой эле «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу продукцияларды жана унааларды өткөрүү маселелерине токтолду. Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу товарлардын импортун жана экспортун тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн «жашыл коридорлордун» эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM