Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн доза вакцина жөнөтөт

Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 275 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 млн доза вакцина жөнөтөрүн билдирди. Ошондой эле Кытай республикасы Кыргызстанга 50 млн юань өлчөмүндө коопсуздук тармагында кайтарымсыз жардам берет.

Мындан тышкары Кытай Эл Республикасынын төрагасы түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM