Биз менен байланышыңыз

Тажикстан эртең кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо башталарын кабарлады

Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 1079 | 0

Кыргыз-тажик чек арасын демаркация жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия 7-февралда ишин баштайт. Бул тууралуу Тажикстан Согди облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода маалымат жыйында билдирди.

«Учурда биргелешкен комиссия иштеп жатат. Биздин максатыбыз — чек арадагы коопсуздукту жана тартипти камсыздоо. Тажик тарап 1924-1927-жылдардагы документке таянууда, ал эми Кыргызстан 1989-жылкы документти колдонууга ыктап жатат», — деп айткан Ахмадзода маалымат жыйында.

Ошондой эле ал Баткен облусунун башчысы менен тыгыз байланышта болуп, бардык талаштуу маселелер мыйзам алкагында дипломатиялык жол менен чечилерин белгилеген.

Ал эми Кыргызстандын Министрлер кабинети демаркация иштери качан башталары туурасында маалымат бере элек.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январда сегиз күндөн кийин эки тараптан түзүлгөн комиссия топографиялык жана укуктук маселелер боюнча ишин жанданта турганын маалымдаган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM