Connect with us

Акыркы суткада коронавирус 110 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 299 | 0

Кыргызстанда 6-февралга карата коронавирус 110 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 56, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 341 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 855 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 429 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 436 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 190 миң 709 киши айыгып чыкса, 2 миң 902 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM