Биз менен байланышыңыз

Түркиянын президентине коронавирустун жаңы штаммы жукканы кабарланды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 480 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдогандын ПЧР-тести коронавирустун «омикрон» штаммы жукканын көрсөткөнүн Твиттерден кабарлады.

67 жаштагы Эрдогандын саламаттыгы учурда туруктуу экени кабарланды. Президенттин Киевге расмий сапары 4-февралда аяктаган.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-февралда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 111 миң 157 кишиге жетти. 248 бейтап вирустан көз жумду. Бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM