Биз менен байланышыңыз

Олимпиаданын ачылыш аземинде өлкө туусун Максим Гордеев көтөрүп чыкты

Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 320 | 0

Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Кытайдын борбор шаары Пекиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун көтөрүп чыкты. Олимпиаданын ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышууда.

Олимпиадага Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамына Гордеевдин машыктыруучусу Игорь Борисов, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчиси Садыр Мамытов жана  Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев кирген.

Кыргызстандын атынан кышкы оюндарга лыжа тебүү спортунан Максим Гордеев гана катышып, 16-февралда күч сынашат.

Максим Гордеев лыжа тебүү спорту боюнча Кыргызстандын чемпиону жана эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга татыган.

Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февралда Кытайдын Пекин шаарында өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM