Connect with us

Швеция тамекинин калдыктарын каргаларга тердиртет

Блог | 8 Фев 2022 | 1586 | 0

Швециянын борбору Стокгольмго жакын Содертялье шаарчасында каргалар таштандынын эң көйгөйлүү түрү чылымдын калдыктарын терүүгө көмөктөшөт. Corvid Cleaning уюму иштеп чыккан аппарат каргалардын бул эмгеги үчүн азыноолак жем берип турат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, каргалар иш жасаганды билгенчелик, бири-бирине үйрөтө турганчалык, кала берсе өлгөндөрүн жоктой ала турганчалык сезимтал келишет. Айрым окумуштуулар каргаларда жети жашар баланыкындай акыл болорун аныкташкан.

Corvid Cleaning демилгесинин негиздөөчүсү Кристиан Гюнтер-Ганссен бул канаттуулар приматтардан кийинки эле акылдуу болушу мүмкүн экенин айтат.

«Каргаларды үйрөтүү оңой жана бири-биринен үйрөнүү мүмкүнчүлүгү жогору. Ошол эле учурда алардын жаңылып кетип, таштандыны жеп алуу коркунучу азыраак болот», — дейт ал.

Идеянын ойлоп табуучулары жана карга таптоочулар канаттууларды таштанды чогултууга көндүрүү «ыктыярдуу негизде» жүргүзүлөрүн соттук отурумда далилдеп беришкен.

Чылымдын калдыгы пластикалык булгануунун түрүнө кирет

Чылымдын калдыктары пластикалык булгануунун эң кеңири тараган түрү болуп саналат. Keep Sweden Tidy Foundation билдиргендей, бул таштанды пластикалык булгануунун 62 пайызын түзөт.

Содертялье шаары жыл сайын көчө тазалоого болжол менен 20 миллион крон (1,9 миллион евро) коротот. Ал эми тамекинин калдыгын терүүгө болжолдуу 12 центтен жумшалат. Гюнтер-Ганссен каргаларды үйрөтүү тамеки калдыктарын тазалоого кеткен чыгымды 75 пайызга чейин кыскартат, тагыраагы, 3 центке ылдыйлатат деп эсептейт.

Каргаларга таштанды тердирүү ыкмасы биринчи жолу колдонулуп жаткан жок. Буга чейин 2018-жылы Франциянын батышындагы Пуй дю Фу паркын чылымдын калдыктарынан арылтуу үчүн ушул ыкма колдонулган. Учурда да парктын жетекчилери каргалардын «кызматын пайдаланып» турушат.

Бул идея ушул эле сейил бакта өткөн канаттуулардын жарманкесинде келип чыккан. Анда кайсы бир адам таптаган каргалар роза гүлүн терип келишип, сепилдеги «хан бийкеге» тартуулашкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM