Биз менен байланышыңыз

Марк Цукерберг дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын тизмесинен чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 451 | 0

Meta (Facebook) компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг Forbes Real-Time рейтингине ылайык, дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын тизмесинен чыкты. Бул компаниянын акциялары кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу болгон.

Марк Цукербергдин байлыгы 27,1 миллиард долларга же 23,67% азайып, учурдагы байлыгы 87,4 миллиард долларды түздү. Азыр Meta компаниясынын негиздөөчүсү эң бай бизнесмендердин тизмесинде 12-орунду гана ээлейт.

«Метанын» акциялары 25% арзандап, 200 миллиард доллардан ашык рыноктук наркын жоготту. Ал эми компаниянын рыноктук капиталы болжол менен 675 миллиард долларды түзөт. Төмөндөө «Мета» компаниясы «Фейсбуктун» күнүмдүк аудиториясы 1,93 миллиард колдонуучудан 1,92 миллиард колдонуучуга азайганы тууралуу отчётун жарыялагандан кийин болгон.

Ошондой эле Snap (мурдагы Snapchat) (20%), Pinterest (8%дан ашык), Twitter (7%) социалдык тармактарынын, Forbes журналынын, Amazon (5%), Apple (1%), Microsoft (2%) баштаган башка ири технологиялык компаниялардын акциялары да төмөндөгөнү белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM