Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасынан баңгизатын өткөрүп турган канал аныкталды

Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 151 | 0

Мамлекеттик чек ара аркылуу баңгизат алып өтүп турган каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында кыргызстандык жарандар К.К.М. жана А.М.А. Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы мамлекеттик чек арадан баңгизат алып өтүп бараткан жеринен кармалган.

Кармалгандардын бири К.К.М. мурда баңгизатын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталды.

Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан 12 кг жакын 3 даана өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар табылды.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) катталды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM