Биз менен байланышыңыз

«Илимий борборду жөнөкөй ооруканага айлантуу менен 50 жыл артка кетебиз»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2022 | 1464 | 0
Сүрөт: Бахар Хакимова

Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборун Клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү Кыргызстандын медицинасын 50 жыл артка кетирет. Мындай пикирин Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери, академик, хирург Сабырбек Жумабеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн медицина тармагын өнүктүрүүгө, дүйнөлүк стандарттагы дарылоо ыкмаларын колдонууга сөзсүз илим керек. Мунун аркасы менен жаш илимпоздор, окумуштуулар өсүп чыгып, кыргыздын илими, медицинасы дүйнөгө даңазаланып жатат. Андыктан илим изилдөө борбору жоюлуп кеткени келечекке чоң сокку болот.

«Биз алдыга жылышыбыз керек. Кыргызстанда медицина илими өнүгүшү керек. Ошонун ичинде травматология жана ортопедия багыты да өсүшү керек. Дүйнөдө эмне жакшы нерселер болуп жатса, ошонун баары Кыргызстанда да жасалып, биздин элибизге, бейтаптарга дүйнөлүк стандарттагы дарылоо ыкмаларын алып келүү укугун биз, илимпоздор жүргүзүшүбүз керек. Илим бар жерде практикалык медицинада прогресс болот. Илим жок жерде практикалык медицина сенекке айланат. Бул нерсе иш жүзүндө далилденген да», — деди Жумабеков.

Айта кетсек, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору көп тармактуу адистештирилген клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн айткан. Анын белгилөөсү боюнча түзүмү өзгөргөндөн кийин бул мекемеде курч оорулар, травмалар, кырсыктар, уулануулар, ошондой эле массалык жабыркоолор, кыйроолор, авариялар учурунда калкка күнү-түнү кечиктирилгис медициналык жардам берилип баштайт.

Академик Жумабеков өз сөзүндө илим изилдөө борборунда жогоруда айтылган бардык медициналык жардам көрсөтүлүп келерин белгилеп өттү.

«Биздин Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда министр айтып жаткан бардык бөлүмдөр бар. Ар бир келген жаранды кабыл алып, тиешелүү бөлүмгө жаткырып, атайын операция жасайбыз. Кызматтык милдеттерибизди аткаруу менен кошо атайын иликтөө жүргүзүп, баарын илимий деңгээлге көтөрүп, медицина илимине да салым кошуп жатабыз. Биздин борборго жакында 18 жыл толот. Ушул убакыт аралыгында 240 миңге жакын адамга операция жасалды, 175 миң адамга амбулатордук түрдө жардам көрсөттүк. Ошондо 400 миңге жакын адам биздин борборубуздан дарыланып өттү. Мындан сырткары 67 кандидат илимий иштерин жактады. Өтө көп жана керектүү жумуштар аткарылып келе жатат», – деди Жумабеков.

Мындан сырткары ал борбор КМШ өлкөлөр арасында өтө таанымал жана белгилүү экенин айтып, ушундай даражага илимдин арты менен жеткенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM