Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кытайга учуп кетти (делегациянын курамы)

Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 624 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытайдын Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Сапардын алкагында президент кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

—  Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова;

— Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев бар.

Copyright © 2017 Maral FM