Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бүтпөй турган жана авариялык мектептер, жолдордун абалы жана ирригация маселелерин көтөрүштү
Депутат Шаирбек Ташиев банктар берип жаткан насыялардын үстөк пайызына көңүл буруу керектигин белгиледи.
«Өзүңүздөр билгендей, учурда коммерциялык банктар 30-35%га чейинки үстөк менен насыя берип жатат. Ошону биз Улуттук банк менен кеңешебизби же 15%дан ашпай турган кылып чек коёбузбу, айтор, чечүү керек. Насыя берүү боюнча жүрүп жаткан иштерди бир нукка салып коюу керек. Себеби, бизде ар бир үйдө бирден насыя алышат», — деди Ташиев..
Ошондой эле ал кийинки отурумда банктарды иретке келтирүү маселесин кароону депутаттарга сунуштады.