Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанга барган айрым чет элдиктер 10 күн карантинге алынат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 326 | 0

Өзбекстанга барган айрым чет өлкөнүн жарандары 10 күндүк карантинге жаткырылат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чечимди «омикрон» штаммынын жайылышына байланыштуу Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөшүү борбору кабыл алган. Ага ылайык, Австралия, Австрия, Бельгия, Улуу Британия, Германия, Дания, Египет, Израиль, Италия, Нидерланды, Чехия мамлекеттеринен барган туристтер 10 күн карантинден өтүшү керек.

Андан тышкары Гонконг, Ботсвана, Зимбабве, Лесото, Мадагаскар, Мозамбик, Намибия, Эсватини, Танзания жана Түштүк Африка өлкөрү менен болгон аба каттамдарды кайра ачуу маселелери каралып жатканы маалым болду. Бул өлкөлөрдөн каттам киргизбөө чечими декабрь айында кабыл алынган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM