Бүгүн, 3-февраль Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев президентке кайрылып, айрым министрлерди кыматтан кетирүүсүн суранды.
Анын айтымында, президенттин жанында жүргөн айрым кадрлар зыянын тийгизе баштаган.
«Президенттин өкмөтүн коргоп жатып, мага «пахтакор» деген ат коюшту. Өкмөттүн жакшы иштерин жазганым үчүн «пахтакор» болдум, бирок мен ага терикпейм. Эл кандай ат койсо, ошого татыктуубуз. Эми дайындалгандар шайлангандарды сындайбы? Ар ким өзүнүн ордун билиши керек. Президенттин айланасындагы кадрлар президентке зыянын бере баштады. Буларды тазалоо керек.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, айланаңыздагы кээ бир министрлерди иштен айдаңыз. Мына Түмөнбаев да ушуну айтып жатат. Бул маселени караганга убакыт келди», — деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал президентти элдин үнүн угууну суранды.