Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы соода кылганда кассалык чек талап кылууга чакырды

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 265 | 0

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кассалык чекти талап кылууга чакырат.

Кассалык чек сатып алуу же сатуу фактысын ырастоочу фискалдык документ болуп саналат. Андыктан ар бир чекене сатылган товарга же кызмат көрсөтүүгө чек берилиши керек.

Бирок кардарларга слип-чек же эквайринг чек сыяктуу чектин башка да түрлөрү сунушталууда. Аларда кыскача маалыматтар берилип, кассалык чек болуп саналбайт.

Сатып алуучулар көзөмөл-кассалык машинадан берилген жана бир катар реквизиттерди камтыган чекти талап кылышы керек, тактап айтканда, анда төмөнкүлөр болушу абзел:

– субъект жөнүндө, башкача айтканда, сатуучу жана сатылган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар;

– төлөөнүн формасы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка маалыматтар;

– сканерлөөдөн өткөндө аталган кассалык чек жөнүндө толук маалымат берген QR-код.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө кассалык чек берилбеген фактылар тууралуу (0312)61-31-89 ишеним телефону же (0779)61-31-89 (WhatsApp) мобилдик номери аркылуу билдирүүгө чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM