Биз менен байланышыңыз

Бишкекте күйүүчү-майлоочу май сакталган кампа кайрадан жабылды

Кыска кабар | 1 Фев 2022 | 255 | 0

Бишкекте күйүүчү-майлоочу май сакталган кампа кайрадан жабылды. Ал өрт чыккандан кийин да уруксатсыз иштеп жаткан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишиндеги күйүүчү май кампасы ири өрт кырсыгынан кийин ишин уланта бергендиктен, эшигине мөөр басылган кагаз чапталып, ачууга тыюу салынды.

Кампанын ээси Олег Александрович Колесников экени белгилүү болду.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишиндеги кампада көчмө жыйын өткөрдү.

Мэрия кампа ишин жаап кеткенден кийин кайра улантып жатканын билдирди. Отурумдун жыйынтыгында тергөө учурунда мөөр басылган. Объекттин ээлерине товарды экспорттоого убакыт берилди.

«Эгер кампа кайра ачылса, кылмыш иши козголот. Алар жеке үйүн кампа жасап алышкан. Бул — туура эмес колдонуу, себеби, бул жер өндүрүштүк аймак эмес. Ал жерде күйүүчү май кампасын ачууга катуу тыюу салынган», — деди ал.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын декабрь айында кампада чоң жарылуу болгон. Жерине барган мэр Айбек Жунушалиевге тегеректе жашаган тургундар буга чейин да ушул жай өрттөнгөнүн, чара көрүү боюнча тиешелүү тараптарга кайрылышканын, бирок иш каралбай келгенин айтып беришкен.

Андан соң калаа башчысы атайын жыйын өткөрүп, бир катар түзүмдөргө өрттөнгөн кампанын ээсине юридикалык баа берүүнү, маселесин карап чыгууну тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM