Connect with us

Бишкекте 13 мектеп жана 1 бала бакча офлайн окууга өттү

Кыска кабар | 1 Фев 2022 | 303 | 0

Бишкек шаарындагы 13 мектеп жана 1 бала бакча офлайн окууга өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы № 17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 38, 67 мектептерге жана №135 бала бакчанын салттуу режимде иштей берүүсүнө уруксат берилген.

Офлайн окууга уруксат берилгени менен вирустан сактануу эрежелери күчүндө каларын мэрия эскертет.

«Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз. Сизди жана жакындарыңызды коргоо үчүн 4 гана пункт бар: беткап кийүү; колду антисептик менен тазалоо; аралыкты сактоо; эң натыйжалуусу — эмдөөдөн өтүү», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM