Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга 1,5 млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 1 Фев 2022 | 289 | 1

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга – 1,5 млрд сом, ирригацияга 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы дыйкандар менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, дыйкандардын натыйжалуу иштеши үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек.

«2021-жылы «Айыл чарбасын каржылоо-9» программасынын алкагында 10 миң 407 айыл чарба өндүрүүчүсү жеңилдетилген насыяларды алган. Быйылкы жылы да айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү пайыз менен насыя берүүгө каражат бөлүнүүдө. Ошондой эле айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдү жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Биз натуралдык чарбадан соода жүргүзүүчү айыл чарбасына өтүшүбүз керек, дыйкандардын натыйжалуу иштеши үчүн техника, үрөн, алдыңкы технологиялар, өндүрүлгөн продукцияны сатуу рыноктору менен камсыз кылып, бардык зарыл шарттарды түзүүбүз шарт», — деди Жапаров.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, район акимдери, жергиликтүү кеңештин депутаттары да катышты.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

1 пикир

1 пикир

  1. Шайлоо ошо жемкорлордон запкысын тарткам дагы деле таратып жатам

    01.02.2022 13:22

    Урматтуу Акылбек Усенбекович ошон каражат коробойт эле, эгерде үрөн өндүргөн ишкана таланып кетпегенде, ал сиздин жеке менчигиндеги МИС Канттагы,мини сүт заводу да талкаланган.Кыскасы бүгүнкү күндө МИС эмес Аграпром болуп алган, кредитке байланыштуу болсо керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM