Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Баткен облусунда абал тынч

Кыска кабар | 31 Янв 2022 | 269 | 0

Баткен облусунда абал тынч жана милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөп турушат.

Баткен жана Согди облустарынын милиция кызматкерлери Лейлек районунун Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык, Максат, Сада, Кулуңду айылдарында биргелешкен кайгуулдарын улантышууда.

Ички кайгуул Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка багыттарында да жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM