Биз менен байланышыңыз

Сергек жашоону каалагандарга сегиз кеңеш

Блог , Ден соолук | 1 Фев 2022 | 4282 | 0

Ар бир адам дени сак, сергек, куунак жашоону каалайт. Албетте, анын сыры оңой эле. Болгону биз сунуштаган 8 адатты дайым аткарууга аракет кылыңыз.

8 саат уктоо

Америкалык National Sleep Foundation уюму 18 жаштан 64 жашка чейинкилер күнүнө 7-9 саат укташы керектигин эскертет. Эгер бул ченемди бузбай кармасаңыз, сиздин сергек, жайдары жүрүүңүзгө, салмагыңызды, саламаттыгыңызды бир калыпта кармооңузга, эс тутумуңуздун, ой жүгүртүүңүздүн жакшырышына шарт түзөт. Ал эми кем уйку атеросклерозго алып келет.

7 стакан суу

Адам күнү бою ар кандай суусундуктарды ичүүдөн тышкары белгилүү өлчөмдө таза суу да ичиши керек. 7 стакан суу болжол менен 1,5 литрди түзөт. Күн сайын ушул көлөмдө таза суу ичүү менен сиз тулку-боюңуздун бир калыпта кармалып туруусуна жардам бересиз.

Суу кан айлануу, зат алмашуу, тамак сиңирүү, теринин бошоп, бырыш басып кетпөөсү, организмден токсиндерди чыгаруу үчүн абдан маанилүү. Бул — ар бир адам кармай турган негизги эреже. Жаш өзгөчөлүгүнө жараша көрсөткүч көбөйүшү мүмкүн.

Жашылча-жемиш жеп туруу 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күнүнө 400 граммдан кем эмес жашылча-жемиш жеп турууну сунуштайт. Бул айрым ооруларга чалдыгуудан коргойт. Жер-жемишти көп жеген адамдын организмине клетчатка, витаминдер жана көптөгөн пайдалуу заттар жана минералдар топтолот.

4 миң кадам

«Кыймылдуу жанга дарт турбайт» деп айтылат кыргызда. Дайыма кыймылда жүргөн адамдын дени сак, өмүрү узак болорун медицина далилдейт.

Албетте, учурдагы техниканын, технологиянын өнүккөн заманында адамдын кыймылы азайып, анын кесепетинен ар кандай ооруга чалдыккандар да көбөйүп барат. Кыймылсыз жашоо ден соолукка өтө зыян. Андыктан физикалык да, психикалык да саламаттыкты чыңдоо үчүн кыймылдуу иш менен алектенүү сунушталат.

Эч болбосо, күнүнө 4 миң кадам жөө басып коюңуз. Ошондо денеңизге уюп калган туздар эрип, кан айланууңуз жакшырып, дени сак, сергек жүрөсүз. Ал сиздин узак жашооңузга өбөлгө түзөт.

Күнүнө 3 маал тамактануу

«Канча маал тамактануу керек?» деген суроонун айланасында көптөгөн талаш-тартыштар бар. А бирок окумуштуулар организмдин бир калыпта иштеши үчүн 3 маал гана тамактанууну сунуштайт.

Күнүнө 3 маал чени менен тамактанган адамдын организми жакшы тазаланып, ар кандай оорулардан коргоп турат.

Кез-кезде ачка жүрүү 

Айрым учурда аутофагия, тагыраагы, ачка жүрүү да пайда берет. Аутофагия медицинада «организмдеги клеткалардын жаңылануу процесси» деп айтылат. Ал рак шишиги сыяктуу оорулардын алдын алып, инфекциялардын өөрчүп кетүүсүнө тоскоол болот; зат алмашууну калыпка салып, кант диабетинин пайда болуу коркунучун азайтат.

Ачка жүрөт десе, таптакыр эчтеке ичпей-жебей коюу дегенди билдирбейт. Эгер андай кылсаңыз, ашказан жарасын пайда кылып аласыз. Андыктан ачкачылыкты да атайын медицинада көрсөтүлгөн ченемдер менен кармаңыз.

Жатар алдында эки саат телефон карабаңыз 

Кечинде организм уйкуну жөнгө салуучу гормон мелатонинди иштеп чыгат. Бардык телефондон чыккан жарык, ошондой эле ар кандай жаңылыктар да анын иштешине бөгөт коёт. Анын баары уйкунун режимин бузат.

Андыктан тынч, бейпил уктоону кааласаңыз, жатар алдында эки саат, эч болбоду дегенде жарым саат телефон карабаңыз.

Жумасына бир жолу машыгуу залына баруу 

Эч болбогондо жумасына бир жолу физикалык көнүгүүлөрдү жасап коюп туруу керек. Бул булчуңду эле чыңабастан, физикалык жактан да, психикалык жактан эң сонун пайда алып келет. Ошол эле учурда тулку-бойдогу кан айланууну жакшыртып, бир калыпта, сергек жүрүү үчүн жумасына бир жолу машыгуу залына барып коюп туруңуз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM