Биз менен байланышыңыз

Алимбаев: Баткен облусунун чек ара аймактарында кырдаал туруктуу

Кыска кабар | 30 Янв 2022 | 440 | 0

Баткен облусунун чек ара аймактарында учурда кырдаал туруктуу. Эки тараптын тиешелүү күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 30-январда өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, 27-январда кыргыз -тажик чек арасында орун алган окуядан келтирилген зыяндар боюнча Баткен районунан комиссия түзүлүп, иш алып барып жатышат.

«Окуя катталган күнү кырдаалды өзүм баш болуп көзөмөлгө алып, ошол эле түнү эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, куралдуу атышууну токтотуп калууга жетиштик. Андан соң  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзү Баткенге келип, Тажикстандын тиешелүү жетекчилери менен биргеликте эки ирет сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал эми окуя орун алган аймактагы жашоочулар, облустук ыкчам штабдын аракети менен коопсуз жайга чыгарылды. Кудайга шүгүр, окуядан эч кандай жоготуу болбоду. Бирок ок атышуу болгондуктан жеңил жараат алган жарандарыбыз жана айрым материалдык чыгымдар катталды. Учурда жараат алган жоокерлер Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жатышат. Алардын абалдары жакшы. Буюрса жакында ооруканадан чыгышат» , -деп жазган Алимбаев.

Ошондой эле ал чек арага жакын жашаган айылдардын эр азаматтарына жана элдин коопсуздугуна жардам көрсөткөн күч органдарынын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсак,27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышынан келип чыккан. Жаңжал болгон аймактан жалпысынан 24 миң 237 адам эвакуацияланып, 14 аскер жаракат алды.

Copyright © 2017 Maral FM