Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Чек арадагы абал турукташты жана толук бойдон көзөмөлдө (видео)

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 464 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташты жана толук бойдон көзөмөлдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусуна барды. Анын айтымында, бүгүн эки тараптуу жолугушуу өткөрүлөт.

«Кечээки болгон окуялардан кийин штаб түзүлгөн. Аталган штабда бардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү бар. Алар менен азыр кеңешме өткөрөбүз. Саат 11:00дө тажик тарап менен жолугушуубуз болот. Анда көптөгөн маселелер чечилет. Бул окуялар түнү менен президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болду. Ал азыркы убакытка чейин биз менен түз байланышта.

Бактыга жараша, жарандарыбыздын жана аскерлерибиздин арасында жоготуулар болгон жок. 11 аскер кызматкери жаракат алды. Эвакуацияланган жарандар жергиликтүү бийлик жана ӨКМ тарабынан бардык жардамдарды алып жатышат. Азыркы күндө абал салыштырмалуу турукташты десек болот. Төрт-Көчөдө эки өлкөнүн милиция кызматкерлери көзөмөлдөшүүдө», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал президенттин тапшырмасынын негизинде комиссия түзүлүп, баарын териштириле турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM