Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Тажик тараптын ок атуусунан 11 кыргыз аскери жабыркады

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 587 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын кесепетинен 11 кыргыз аскери жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаракат алгандардын төртөө октун чачырандыларынан (осколка) жаракат алса, экөөнө ок тийген.

«Жаракат алгандардын абалдары орточо оор деп бааланууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, Ош облустук бириккен ооруканасынан нейрохирург, травматолог, хирург жана торакалдык хирургдардан турган медициналык адистердин эки бригадасы Баткендин ооруканаларына жөнөп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM