Биз менен байланышыңыз

Тажик тарап чек арага оор техникаларын алып келүүдө

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 1176 | 0

Чек ара кызматынын 2001-аскер бөлүгүнүн саат 2о:50гө берген маалыматына таянып айтсак, Көк-Таш айлындагы чек ара тозотунда ок атуу болуп жатат. Ошондо эле Төрт-Көчө жана Үч-Дөбө тилкелеринде Тажикстандын чек арачылары тарабынан миномёт жана гранатомёт колдонуп жатат.

Саат 21:50 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажикстандын Ляккон айылынын чек ара постунда тажик аскерлери 3 БМП, 1 БТР, 5 миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярданып жатканы маалым болгон.

Баткен районундагы Орто-Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына көчүрүлдү.

Ак-Сай айыл аймагынан келген 60 үй-бүлө Баткен шаарындагы №3 Имаров орто мектебине жайгаштырылды.

Кырдаалдын алдын алуу максатында Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Сада айылдарынын тургундары коопсуз жайларга чыгарылып кетти. Баткен шаарына көчүрүлгөн жарандар тамак-аш менен камсыздалды.

Коомдук саясий абалдын өзгөрүүсү боюнча кошумча маалымдайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM