Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесинде Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо үчүн ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы «Маралга» билдирди.
Учурда чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү. Чыр-чатак орун алган аймактан кыргыздарды коопсуз жайларга көчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, чек аралаш аймактан азыркы учурда коопсуз жайга чыгарылууда.
Ушу тапта Ош-Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.
Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө тилкесиндеги Баткен-Исфана унаа жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол ачылган.
Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажиктер миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы кабарланды.
Кырдаал боюнча кошумча маалыматтар берилип турат.