Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: Кырдаал дале курч бойдон турат

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 521 | 0

Бүгүн, 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал дале курч бойдон турганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажиктер миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы кабарланды.

Кырдаал боюнча кошумча маалыматтар берилип турат.

Copyright © 2017 Maral FM