Биз менен байланышыңыз

28-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 190 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 28-январда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас,  Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында кар жаашы мүмкүн. Калгай аймактарда жаан-чачын болбойт.

Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11;

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз +2…+7;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +9…+11 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM